• Шейшемби 7 Бугу 2024
  • Вторник 7 Май 2024

Борбор Азия мамлекеттеринин ТИМ башчылары жыйын курду

20 Теке 2022 14:12 Бишкек Govori.TV

Чолпон-Ата шаарында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин төрагалыгы алдында Борбордук Азия мамлекеттеринин тышкы иштер министрлеринин жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушууга Казакстандын тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди, Тажикстандын тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Сирожиддин Мухриддин, Өзбекстандын тышкы иштер министри Владимир Норов жана Түркмөнстандын Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Шадурды Мередов катышты.

Жыйындын катышуучулары эртең, 21-июлда Чолпон-Ата шаарында боло турган Борбордук Азия мамлекеттеринин башчыларынын Консультативдик жолугушуусуна даярдыктын жүрүшүн талкуулашып, саммиттин күн тартибин жана жыйынтыктоочу документтердин долбоорлорун бекитишти.

«Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын Консультативдик жолугушууларынын форматы аймактык кызматташтыктын бардык маселелери боюнча пикир алмашуу үчүн маанилүү беш тараптуу аянтча катары өткөнү баса белгиленди. Тараптар бул форматтагы байланыштарды үзгүлтүксүз жүргүзүүнүн маанилүүлүгүн жана аны мындан ары өркүндөтүү зарылдыгын белгилешти. Жолугушуунун катышуучулары өз ара аракеттенүүнүн беш тараптуу форматын, анын ичинде “Борбор Азия+” форматтарын мындан ары өркүндөтүү зарылчылыгы жөнүндө бир добуштан пикир алышты»,-деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле тараптар Борбордук Азия мамлекеттеринин БУУ, ЕККУ, КМШ, ШКУ жана башка эл аралык уюмдардын алкагында жемиштүү кызматташтыгын, бул платформалардын алкагында өз ара колдоо көрсөтүп жатканын белгилешип, көп тараптуу форматтарда тыгыз кызматташууну улантуу ниетин билдиришти.

Количество просмотров: 99