Бишкек шаарында оор жүк ташуучу унаалардын кыймылын чектөө боюнча рейддик иш-чара жүрдү. Муниципалдык инспекциянын кызматкерлери Түштүк магистраль аркылуу оор жүк ташыган эки айдоочуга чара көрүшкөнүн мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.
Эки айдоочу 32 градустан жогору температурада шаарды аралап жүрүшкөнү үчүн инспекторлор 3000 сомдон айып пул салды.
Эске салсак, Бишкек шаарында 1-сентябрга чейин саат 10:00дөн 19:00гө чейин
абанын күндүзгү температурасы 28 градустан жогору болгондо шаардын жолдорунда
жүк ташуучу унаалардын кыймылына тыюу салынган.