• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Борбор шаардын Так пландаштыруу планы депутат Конушбаевди канаатандырган жок (видео)

16 Жалган куран 2018 16:37 Бишкек Govori.TV

Бишкек.16.03.2018.Govori.TV

Бүгүн 16-мартта Бишкектин Так пландаштыруу планын талкуулап жатып Жогорку Кеңештеги «Кыргызстан» фракциясынын депутаты Тынчтыкбек Конушбаев  адис катары эч нерсе түшүнбөгөнүн айтты.

Ал «адисттер силердин айткандарыңарды түшүнбөгөндөн кийин, жөнөкөй эл кантип түшүнөт. Бул жакта көп кабаттуу имараттардын кабаты көрсөтүлгөн эмес, жок дегенде ролигиңер жок. Бир да так долбоор жок. Ошол эле мактап жактаган  Совет жана Манас көчөлөрүн карагылачы, кандай абалда турат? Шаардын идеясы, максаты жок» деди депутат  Конушбаев.

Белгилей кетсек , борбор шаардын Так пландаштыруу планы 9-апрелде коомдук талкууга чыгат. Планга Бишкектин шаардын борбордук бөлүгүндөгү 3540 гектар жер аянты кирген. Бул аянт Жибек Жолу, Курманжан Датка, Шабдан баатыр, Ахунбаев, Садырбаев жана Фучик көчөлөрүнүн ортосундагы төрт бурчтукту камтыйт.

Шаардык активисттер Так пландаштыруу планына нааразылыгын билдирип, анда бала бакчалар, парктар жоктугун, Бишкектин борбору жалаң соода, көңүл ачуу жайлары менен көп кабат үйлөргө толгонун айтып чыгышкан болчу.

Количество просмотров: 33