• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Борбордо дагы бир мектепте бомба изделип жатат

2 Бугу 202316:38 Бишкек Govori.TV

Бишкекте бүгүн №33 мектеп-гимназиясында бомба бар деген маалымат түшүп, мугалимдер жана окуучулар эвакуацияланды. Свердлов райондук милициясынан кабарлашкандай, окуя болгон жерге РИИБдин ыкчам-тергөө тобу чыгып, мектептин аймагы курчоого алынды.

Учурда жеринде ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кинологдору иш алып барууда.

Белгилей кетсек, эртең менен бомба коюлгандыгы тууралуу билдирүү №4 мектеп-гимназиясына түшкөн.

Количество просмотров: 90