1-сентябрды чыдамсыздык менен күткөн окуучулар жаңы окуу жылына кадам ташташты. Билим булагында болгон салтанаттын ачылышы жылдагыга салыштырмалуу мыкты уюшулган.
Айрыкча балдары 1-класска барган ата-энелердин кубанычында чек жок.
Буга чейин Билим берүү жана илим министрлиги борбордо билим уясынын жетишсиздиги азайганын айткан.
Ата-энелердин жана окуучулардын айтымында борбор калаадагы мектептерде быйыл деле бир класста 35тен ашуун бала окуйт.