• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Борбордо жерди алдап саткандардын жолу буулду

25 Үчтүн айы 2018 13:08 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 25.01. 2018. Govori.TV

“Мындан ары борбордо жер сатуу менен алектенген шылуундардын пландары ишке ашпайт!” Мындай ишенимдүү жаңылыкты Мамлекеттик каттоо кызматынын маалымат катчысы Мелис Эржигитов Govori.TVга билдирди.

Анын айтымында, мамкаттоо кызматы Корея өкмөтүнүн каржылык колдоосу менен ири долбоорду ишке ашырып, революциялык ийгилик жараткан. “Бул айрымдар айрымдар үчүн ойго келбеген өтө чоң жумуш. Башкача айтканда, Бишкектеги баардык жер участоктор, алардын чек арасы, электрондук картага түшүрүлүп, ар бир участоктун идентификациялык номерлери дагы картага киргизилди. Бул деген кызыл китеп менен жер участогунун номери бири-бирине шайкеш келеби, келбейби, дароо аныктай турган система. Эми жер сатуу менен шугулданган  шылуундар башка эле кызыл китеп менен таптакыр башка участокту сатып жибере албай калышат”,-дейт ал.

Эске сала кетсек, бул долбоорду Корея республикасынын  эл аралык кызматташтык агенттиги (KOICA) колдоп, 7 млн. 460 миң доллар каражат сарптаган.

 

Количество просмотров: 8