Бишкек травматология жана ортопедия илим-изилдөө борбору Шаардык клиникалык тез жардам ооруканасы болуп кайра түзүлөт. Бул туурасында Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, министр Алымкадыр Бейшеналиев медициналык борбордо болуп, атын өзгөртүү боюнча тиешелүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын айткан. Кайра уюштурууга борбордун түптөөчүлөрүнүн үч тараптуу келишиминин негизинде (Бишкек мэриясы, Бишкек шаардык кеңештин депутаттарынын жана Саламаттык сактоо министрлигинин) иштеп жатканы себеп болгону айтылат.
«Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борборун элди сапаттуу медициналык тейлөө менен камсыздоо, медициналык тез жардамды күнү-түнү көрсөтүү үчүн клиникалык тез жардам ооруканасына айландыруу максаттуу болот», — деп айтылат маалыматта.