Ала-Тоо аянтына Эгемендүүлүк күнүнө арналган майрамдык чоң концертке келген адамдардын саны көптүгүнөн узун кезек жаралды.
Концерт өтүүчү Ала-Тоо аянты тартип сакчылары тарабынан курчоого алынып, күйөрмандарды текшерип киргизүүдө.
Өлкөнүн Эгемендүүлүк күнүн жана Кара Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын майрамдоо саат 20:00дө башталат жана дрон шоу менен коштолот.
Концертке кыргыз эстрадасынын артисттери Мирбек Атабеков, Нурлан Насип, Гүлнур Сатылганова, Гүлзинат Суранчиева, Омар катышат. Конок катары казакстандык аткаруучу Роза Рымбаева, орусиялык ырчылар Стас Михайлов, Люся Чеботина, Филипп Киркоров, швециялык “Боссон” тобу жана италиялык артист Ин-Грид чакырылган.