• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Боронов: Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы, Чаткал райондорунда карантин киргизилет

10 Бугу 2020 15:54 Бишкек Govori.TV

Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы, Чаткал райондорунда карантин киргизилет. Бул тууралуу бүгүн, 10-майда онлайн маалымат жыйында биринчи вице-премьер-министр Кубаткбек Боронов билдирди.

«Эми өзгөчө кырдаал режиминде иш жүрөт. таажы илдетине каршы күрөшүү иши мындан ары уланат. Коркунучтуу аймактарда карантиндер киргизилип жатат. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы, Чаткал райондорунда карантин киргизилет. Башка аймактарда дагы өзгөчө кырдаалдын тартиби менен иш алып барабыз. Карантин киргизилген аймактарда атайын посттор коюлат. Андан өтүү эрежелери болот. Штабдын чечими менен сырттан келип иштегендер болсо иштеген жеринен маалым кат алып, салык инспекциянын өкүлдөрүнөн маалым катты тастыктоо керек», — деди Боронов.

Количество просмотров: 874