• Шейшемби 2 Жалган куран 2021

Вице-премьер дары-дармекке болгон көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырды

21 февраля 2021 в 10:07 Бишкек Govori.TV

Биринчи вице-премьер Артем Новиков саламаттык сактоо мекемелериндеги медикаменттердин запасын жана дарыканалардагы бааны тыкыр көзөмөлдөөнү тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

“Өлкө боюнча саламаттык сактоо мекемелериндеги медикаменттердин запасын жана дарыканалардагы баалар тыкыр көзөмөлдөнүшү зарыл. Ар бир райондогу эпидемиологиялык абал өзгөчө көзөмөлдө болсун. Биз ар бир райондук ооруканадагы абалды контролдоп, оңдоо иштери жыйынтыкталган соң кошумча инфекциялык бөлүмдөрдү ачабыз”, — деди ал.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча ведомствого төмөнкүлөр тапшырылды: 

– бир жумалык мөөнөттө Дары-дармек каражаттары жана медициналык жабдуулар менен камсыздандыруу департаменти менен биргеликте фармацевтикалык продукция жеткирүүчүлөр менен дары-дармектерди жана жеке коргонуу каражаттарын коронавирустук инфекцияны диагностикалоо жана дарылоо боюнча 4-клиникалык жетекчиликке ылайык үзгүлтүксүз ташып келүү планын толуктап иштеп чыгуусу, мында макулдашылган ташып келүү мөөнөтү бузулган учурда жоопкерчилик аныкталсын;

– коронавирустук инфекция боюнча түзүлүп жаткан эпидемиологиялык абал, ошондой эле башка оуттуу оорулар боюнча көзөмөлдү күчтөндүрүү;

– Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте мектептерде сасык тумоого жана курч респиратордук вирустук инфекцияларга каршы ыктыярдуу вакцинациялоо боюнча малыматтык кампания жүргүзүүсү;

– Экономика жана финансы министрлиги менен биргеликте бир жумалык мөөнөттө катталуучу окуялардын болжолдуу санын көрсөтүү менен өлкө аймагындагы коронавирустук инфекциянын үчүнчү толкунунун ыктымалдуу датасы боюнча маалымат киргизүүсү.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө төмөнкүлөр тапшырылды:

– тийиштүү аймактардагы аптекалык тармактарда дары-дармек каражаттарынын жана медициналык буюмдардын запасы боюнча абалды үзгүлтүксүз негизде көзөмөлгө алуу жана андагы бааларга мониторинг жасоо;

– бир жумалык мөөнөттө республиканын мектептеринде жана балдар бакчаларындагы убактылуу санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин жана ченемдердин сакталышы тууралуу маалымат берүү.

Количество просмотров: 141