Кыргызстандын экс-премьер-министри Кубатбек Боронов Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына сурак берүүгө келди.
Мекемеден Боронов кайсы иш боюнча суракка чакыртылгандыгын ачыкташкан жок.
Ал эми Боронов суракка кирип баратып журналисттерге кайсы ишке байланыштуу чакырылганын билбей турганын, пандемия маалындагы сатып алууларга тиешелүү болушу мүмкүндүгүн айтты. Бирок ал кезде өкмөт жакшы иштегенин кошумчалады.
Эске салсак, аталган мекеме 2020-жылдын октябрында коронавирус пандемиясы учурундагы гуманитардык жардамдын бөлүштүрүлүшү боюнча кылмыш ишин козгогон. Бул иштин алкагында мурдагы саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев кармалган. Мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев да күбө катары суралып, өлкөдөн чыгууга тыюу салынган.