• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Боронов: Бишкекке чектөөлөр азырынча киргизилбейт

16 Кулжа 202016:33 Бишкек Govori.TV

Коронавирус инфекциясынын күчөгөнү менен Бишкекке чектөөлөр азырынча киргизилбейт. Бул маалыматты өкмөт башчылыкка талапкер Кубатбек Боронов бүгүн, 16-июнда журналисттерге билдирди. Анын айтуусунда, Кыргызстанда коронавирустун күч алышы алдын-ала болжолдонгондой эле болууда:

«Бизде үч түрдүү божомол болгон. Азыр биз орточо оор баскычына келдик, кырдаал көзөмөлдө. Бирок Бишкекте вирустун жайылышы күчөгөнү тынчсыздандырууда. Ошентсе да азырынча шаарда кандайдыр бир чектөөлөрдү киргизүү планда жок», — деди Кубатбек Боронов.

Кыргызстанда акыркы күндөрү коронавирус жуктуруп катталгандардын саны өсүүдө.

14-июнда 78 адамдан табылса, 15-июнда 87 адамга чыккан. 16-июнда коронавирус жуктуруп алган 100 адам жаңы аныкталды. Бул пандемия башталгандан берки эң жогорку көрсөткүч. Оору жуктургандардын басымдуу бөлүгү – Бишкектен.

Президент Жээнбеков да 15-июнда премьер-министрдин милдетин аткаруучу Кубатбек Бороновду кабыл алып, “Бишкек оорунун очогуна айланып жатканын” айткан.

Количество просмотров: 309