Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Баткен облусунун Кадамжай районунун чек арага чектеш айылдарынын жашоочулары менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 1-июнда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Ал орчундуу маселелери бар жарандардын кайрылууларын, кечээ Өзбекстан Республикасынын Сох районунун айыл тургундары менен болуп өткөн чырдын себептерин укту. Кубатбек Боронов Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен болуп өткөн сүйлөшүүлөр жана жетишилген макулдашуулар тууралуу айтып берди.
«Биринчи вице-премьер-министр чек ара маселелерин чечүү, чек арага чектеш райондун социалдык-экономикалык өнүгүүсү, ошондой аталган аймакта коомдук коопсуздукту жана тартипти камсыз кылуу өкмөттүн өзгөчө көзөмөлүндө экенин белгиледи. Ал ошондой эле тургундарындын кайрылуусу боюнча тийиштүү иштер жүргүзүлө тургандыгын айтты», — деп айтылат маалыматта.