• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Боронов: Кыргызстанда коронавирусту так аныктай турган ПЧР-тесттин саны 9 миңден ашык

8 Чын куран 202016:00 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда коронавирусту так аныктай турган ПЧР-тесттин саны 9 миңден ашык. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Анын айтымында, буга чейин ПЧР-тесттин тартыштыгы байкалган.

«Бүгүнкү күндө биздин лабороторияларда 1 миңге жакын ПЧР-тестин чыгарууга шарт түзүлдү. Ал эми экспресс-тесттер буга чейин 76 миң болсо, учарда 54 миңдин тегерегинде экспресс-тесттин запасы бар», — дейт Боронов.

Белгилей кетсек, 8-апрелге карата Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 270ге жетти.

Количество просмотров: 162