• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Боронов Ысык-Көлгө барат

21 Баш оона 202012:41 Бишкек Govori.TV

Өкмөт башчысы Кубатбек Боронов 21-22-августта Ысык-Көл облусуна жумушчу сапар менен барат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Боронов Ысык-Көл облусуна жасаган сапарынын алкагында социалдык объектилердин абалы, ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды тазалоочу жайларын куруу иштери, «Таза суу» долбоорунун жүзөгө ашырылышы, күзгү оруп-жыюу жумуштарынын жүрүшү менен таанышат.

Ошондой эле, Каракол шаарында салынып жаткан 120 орундуу бала бакчанын курулушу жана Чолпон-Ата шаарында жугуштуу оорулар үчүн салынып жаткан оорукананын курулушунан кабар алат.

Количество просмотров: 127