• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Боронов: Өзбекстан тараптан бизге 3 маселе коюлду

4 Кулжа 2020 18:35 Бишкек Govori.TV

Кыргыз-өзбек чек арасындагы акыркы чатактан кийинки эки тараптуу жолугушууда Өзбекстан күн тартибине үч маселени койду. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Жогорку Кеңештин 4-июндагы сессиясында маалымат берип жатып билдирди:

«Жолугушууда Өзбекстан тараптан бизге үч маселе коюлду. Биринчиси — Риштан районундагы «Кайтпас» постун ачып берүү боюнча. Экинчиси — жайыт, үчүнчүсү — Токтогул суу сактагычынан же Сырдарыядан сугат мезгилинде суу алуу боюнча маселе айтылды. «Кайтпас» посту боюнча өз позициябызды билдирдик. «Муну силер менен чогуу иштеп, эки өлкөнүн комиссияларынын алкагында карап берип, ЕАЭБге мүчө экенибизди да эске алуу менен карайбыз» дедик. «Бүгүн-эртең ачып беребиз» деген сөз болгон жок. Жайыттар боюнча эки облустун — Баткен жана Өзбекстандын Фергана облустарынын жетекчилерине тапшырма берилди. Алар маселени талдап, сунуш беришсе карап берели деген жооп айттык. Алар макул болушту. «Суу боюнча да мүмкүнчүлүккө жараша карап көрөлү» деп жооп кайтардык».

Боронов ошол эле учурда Кыргызстан Өзбекстанга карата эки маселе көтөргөнүн билдирди:

«Биринчиси — буга чейинки өкмөт аралык комиссиялардын ишин тездетүү. Буга макул болушту. Экинчиси, Сох районунун тегерегиндеги Кыргызстандын эки айылына суу чыкпай калган экен. Маселе жеринен чечилип, биздин айылдарга суу берилди. Чырдын башы болгон Чечме-Булак суусун коңшу тарап өздөрүнө буруп алган экен. Ал мурдагы абалына келтирилди».

Кыргызстан менен Өзбекстан өкмөт өкүлдөрү 1-июнь күнү Баткен облусундагы «Чечме» өткөрмө пунктунда жолугушуп, акыркы кырдаалды талкуулаган. Жолугушууга эки өкмөттүн Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен Кыргызстандын биринчи вице-премьер министри Кубатбек Боронов баштаган өкүлдөрү катышкан.

31-майда Кадамжайдын Чечме айылы менен Өзбекстандын Сох районунун Чашма айылынын ортосунда булак талаштан катуу чыр чыккан. Чатактан Кыргызстан тараптан 25 адам түрдүү жараат алган, эки адамдын абалы оор. «Азаттыктын» өзбек кызматы өзбек тараптан 187 киши жараат алганын жазды.

Кубатбек Боронов сессияда эки өлкөнүн өкмөт аралык комиссиясынын кийинки отуруму 20-июнга белгиленин кабарлады.

Количество просмотров: 6526