• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Боронов: Өзгөчө кырдаал учурунда коомдук транспорттордун иши чектелет

21 Жалган куран 2020 22:40 Бишкек Govori.TV

Өзгөчө кырдаал учурунда коомдук транспорттордун иши чектелет. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

«Өлкө аймагында өзгөчө кырдаал киргизилгендиктен ар кандай суроолор жаралып жатат.  Албетте, жарандардын бир региондон экинчи жака баруусуна кыскартуу киргизилет. Мындай чара коронавирусту жайылтпоого карата көрүлүп жатат. Кытайдан табылган жаңы коронавирус инфекциясын жайылышын токтотуу жана алдын-алуу максатында көп өлкөлөрдө ушундай аракеттер көрүлүп жатат»,-деди Боронов.

Учурда өлкө аймагында 12 адамдан коронавирус аныкталган. Алдардын сегизи Сузак районунда, үчөө Ноокатта болсо, дагы бир адам Баткен районунун тургуну. Алардын баары Сауд Арабияга умрага барып келгендер.
Акыркы маалымат боюнча өлкө боюнча 649 адам обсервацияда жатат. Умрадан кайтып келгендер менен байланышта болгон 2330 адам дарыгерлердин көзөмөлүндө.

Количество просмотров: 268