• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Боронов: Жетекчилер орундарды туугандарына «брондобоосу» үчүн ар бир ооруканага бирден өкмөт мүчөсү байланат

8 Теке 2020 10:56 Бишкек Govori.TV

7-июлда өкмөт үйүндөгү онлайн маалымат жыйында социалдык тармактарда дарыгерлер ооруканаларда орун бар экенин айтып, бирок аларды жетекчилер туугандары үчүн атайын «брондоп» жатканы тууралуу билдирүү чыкканы айтылды. Буга жооп берген өкмөт башчы Кубатбек Боронов «менин туугандарыма же таанышым келип калса жаткырам деп орунду бекитип отурган жетекчилерге өтө катуу чара колдонобуз», — деген пикирин айтты.

«Тилекке каршы ушундай маалыматты биз да окудук. Чындап эле арабызда ушундай жетекчилердин бар экендиги да өкүндүрөт. Эки күндөн бери вице-премьердин деңгээлинде кызуу иш-чара жүрүп жатат. Биринчиден, ушуну жарыялаган массалык маалымат каражаты ким экенин айтпай жатат. Мен түшүнүп жатам айтпаганынын себебин. Ошол постту жазган кызматкерине залакасы тийип калбасын деп жатат. Биз аны түшүнүү менен кабыл алып, ошондуктан өзүбүздүн жол менен постту жазган кишини эмес, ошондой жолго барган жетекчини табуунун үстүнөн иштеп жатабыз. Эгер жазганы туура болсо ал кызматкерге эч кандай маселе жаралбайт. Ошондой жолго барган, ошондой иштерди жасап жаткан жетекчиге сөзсүз түрдө чара колдонобуз. Мен муну чыдамсыздык менен күтүп отурам. Жыйынтыгын берген убактан баштап сөзсүз түрдө чара колдонобуз», — деди Боронов.

Өкмөт башчынын айтымында, өкмөт өкүлдөрү брифинг аркылуу бейтаптарга даярдалган орундар тууралуу маалымат айтып жатышат. Бирок айрым жетекчилер орун бар болсо да эч кимди кабыл албаган учурлар кездешүүдө.

«Ошондуктан элибизде нааразычылык пайда болуп жатат. Кечээ күнү тапшырма бердим, бүгүн штабда карап бекитебиз. Коронавирус, пневмониядан дарыланып жаткан бейтаптар бар ар бир мамлекеттик ооруканага бирден өкмөт мүчөсү байланат. Бул боюнча буйрукка бүгүн кол коем. Бүгүнтөн баштап өкмөт мүчөсү ошол жерде ишин баштап, ошол жерде жумушун бүтүрөт. Ошол оорукананын башкы дарыгери менен тең жатып, тең тура турган кылабыз», — деди ал.

Количество просмотров: 69