• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бороон каптаган Флоридада жашаган кыргызстандыктар аман экенин ТИМ билдирди

11 Тогуздун айы 202413:19 Бишкек Govori.TV

КР Тышкы иштер министрлиги 2024-жылдын 9-октябрында АКШнын Флорида штатында болгон “Милтон” аттуу күчтүү бороондон жабыр тарткан Кыргыз Республикасынын жарандары катталбагандыгын маалымдайт.

3-категориядагы бороон кеминде 16 адамдын өмүрүн алып, 3 миллион тургунду электр жарыгысыз калтырды. Бороон айрыкча штаттын чыгыш бөлүгүнө олуттуу зыян келтирген.

Маалыматтар боюнча Флорида штатында жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын саны 100гө жакын адамды түзөт. Кыргыз Республикасынын АКШдагы Элчилиги кырдаалдын өзгөрүшүнө ыкчам чара көрүү үчүн КР жарандары жана жергиликтүү бийлик органдары менен байланышты улантууда.

АКШда жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандары зарыл болгон учурда жардам же кеңеш алуу үчүн Элчиликтин төмөндөгү ишеним телефондору аркылуу кайрыла алышат: +1 202 256 2924; +1 312 929 34 42.

Количество просмотров: 268