• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Бостериде 11 адам тамакка ууланды

29 Теке 2018 16:34 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 29.07.2018.Govori.TV.
Ысык-Көл райондук ооруканасына 28-июлда тамакка ууланып түшкөн 11 адамдын төртөөнүн абалы оңолуп, ооруканадан чыгарылды.Бул туурасында Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
11 кишинин экөө жаш бала (сегиз жана тогуз жашта). Төртөө медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин өзүн жакшы сезип, кечээ эле ооруканадан чыгарылган. Бүгүн эртең менен дагы экөө чыкканы тууралууу саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашат.
Учурда беш адам оорукананын инфенкция бөлүмүндө жатат. Уулангандар Кемин районунун жана Бишкек шаарынын тургундары.
Белгилей кетсек,28-июлда Ысык-Көл районунун Бостери айылындагы «Тулпар» пансионатынын ичинде, боз үйлөрдүн биринде эс алып жаткан 11 киши тамакка ууланып, райондук ооруканага жеткирилген.
Ууланган адамдар жеген тамак-аштары лабораторияга жиберилген, жыйынтыктары  белгилене элек.
Количество просмотров: 25