• Ишенби 18 Теке 2026
  • Суббота 18 Июль 2026

Бостериде 22 жаштагы жигит сууга чөгүп кеткен

14 Баш оона 202413:24 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көлдүн Бостери айылында көлгө 22 жаштагы жигит чөгүп кеткен.

Белгилүү болгондой, 11-августта Бостеридеги пансионаттардын биринин пляжында 2002-жылы туулган Б.Р уулу сууга чөккөн. Жигиттин сөөгү эртеси, 12-августта табылган. Издөө иштерине үч куткаруучу жана төрт суучул тартылган.

Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгы алгачкы экспертизанын жүрүшүндө маркумдун денесинен зомбулуктун белгилери табылбаганын белгиледи.

Окуянын чоо-жайы жана чөгүп кетүү себептери териштирилип жатат.

Количество просмотров: 141