• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Бостериде Бабановдорго таандык деген “Осьминог” рестораны толугу менен өрттөндү (видео)

7 Үчтүн айы 2018 13:27 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 07.01.2018. Govori.TV.

7 январда, Ысык-Көл районунун Бостери айылындагы “Осьминог” рестораны толугу менен өрттөнүп кетти. Тилсиз жоонун видеосу соцтармакка жарыяланган.

Өрттүн видеосун интернетке биринчилерден болуп Турат Исалиев аттуу колдонуучу жайгаштырган.

«Катуу үн чыкты. Өрт коңшу үч үйгө жайылып, экөө өчүрүлүп, бирөө дагы деле күйүп жатат. Кафе иштебегендиктен ичине электр жарыгы менен газ киргизилген эмес», — деп жазган автор.

Ал «Осьминог» рестораны саясатчы Өмүрбек Бабановдун бир тууганына таандык экенин кошумчалаган.

Окуя болгон жерге Ысык-Көл РИИБдин ыкчам иликтөө тобу жана Бостери айылынын милиция бөлүмүнүн кызматкерлери барган. Көңүл ачуучу жай Аламүдүн районунун Лебединовка айылынын 1988-жылы туулган тургуну А.Инаятка таандык. Өрттү өчүрүүгө 3 өрт өчүрүү бөлүм тартылды.

«Тилсиз жоону» өчүрүү үчүн жерине бир нече атайын техника барганына карабай, өрт жанында жайгашкан эс алуучу имараттарга чаап кеткен.

— «Гринхаус» мейманканасынын үчүнчү кабаты жана чатыры өрттөндү (Бостери айылынын 1969-жылы туулган тургуну Т.Кайратка таандык);

— 2-кабаттуу «Саябан» мейманканасынын маңдайы жана чатыры өрттөндү (Бостери айылынын 1969-жылы туулган тургуну У.Эрнатка таандык);

Өрттүн кесепетинен жабыр тартып, ооруканага жана тез жардам бөлүмүнө кайрылгандар болгон жок. Учурда келтирилген чыгым такталууда.

Бостеридеги “Осьминог” рестораны жана эки мейманкананын өрттөлүшү боюнча соттук өрт-техникалык экспертиза дайындалып, териштирүү иштери жүрүүдө.

Социалдык түйүндө эс алуучу жайлар кимдир бирөөлөр тарабынан атайлап өрттөнгөн деген маалыматты Ысык-Көл облусунун Ички иштер башкармалыгынын маалымат катчылыгы тастыктаган жок.

Алдын ала маалымат боюнча ал жакта газ-баллондор бар болгону аныкталып, ошолор жарылды деген шек бар.

Сүрөт Турмуш сайтынан алынды

https://www.facebook.com/100017217523824/videos/194403711143545/

 

Количество просмотров: 13