• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Ботаникалык бактын аймагы алоолонуп күйүп жаткан видео тарады

19 Жалган куран 2018 20:24 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 19.03.2018.Govori.TV.

Интернетте ботаникалык бактын аймагы алоолонуп күйүп жаткан видео тарады. Бактын канча аянты күйгөнү жана анын себеби айтылган жок.

Ачык өрт болгон жок, деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы.Ботаникалык бакта түтүн тууралуу маалымат саат 18:37 түшүп, ага 1 бөлүм тартылган. Бактын аймагында чыккан түтүн, саат 19.21де толук өчүрүлдү.

Бишкек шаарынын чок ортосунда жайгашкан Ботаникалык бак тарыхый, маданий жана архитектуралык эстеликтердин тизмесине кирип, мамлекеттик коргоого алынган.

1938-жылы түптөлгөн бул бакта бак-дарактардын, бадалдардын, гүлдөрдүн, дары чөптөрдүн 5,5 миңден ашык түрү бар.

Акыркы жылдары бакчанын абалына карата көп сын айтылып, аны коомдук уюмдардын карамагына өткөрүү боюнча демилгелер көтөрүлүп келатат.

Ботаникалык бакта буга чейин да бир нече жолу өрт чыгып, бир топ гектар жерде чөп күйүп кеткен.

Количество просмотров: 25