Бүгүн, 11 декабрда өкмөт үйүнүн алдына Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда жайгашкан «КАЗ Минералз Бозымчак» ишканасынын кызматкерлери митингге чыкты.
Алардын айтымында, кен 6-октябрдан бери иштебей турат.
«Көптөгөн кызматкерлердин насыялары бар, алар ишкердиктин токтоп калгандыгына байланыштуу үй-бүлөсүн камсыздай алышпай жатат»,-деп билдиришкен акциянын катышуучулары.
Топтолгондордун алдына Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу агенттигинин төрагасы Жыргалбек Сагынбаев чыгып, талаптарын уккан. Ал 14-декабрь күнү Бозымчактагы ишканага барарын кабарлады. Ошондой эле чогулгандардын суроолоруна жооп берип жатып, комбинаттын иши жаңы жылга чейин жанданарын айткан.
Белгилей кетсек, Бозымчак тоо-кен иштетүү комплекси быйыл 7-октябрда ишин токтоткон.