• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Бразилиянын президенти коронавирус жуктуруп алды

8 Теке 2020 9:23 Бишкек Govori.TV

Бразилиянын президенти Жаир Болсонару коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу ал өзү шейшемби күнү билдирди.

Президент телеинтервьюсунда абалы жакшы экенин, дене табы бир аз көтөрүлүп турганын айтты.

Болсонаруда оорунун белгилери жекшемби күнү байкалган: дене табы жогорулап, жөтөлө баштаган. Дүйшөмбүдө жалпы абалы начарлагандыктан, коронавируска төртүнчү жолу тест тапшырып, жыйынтыгы COVID-19 бар экенин көрсөткөн.

Бразилиянын президенти коронавирусту «кадимки эле сасык тумоого» теңеп, оору анча коркунучтуу эмес экенин билдирип келген. Ал аймактардын губернаторлорун карантиндик чектөөлөрдү жумшартууга чакырып, экономикага зыян болуп жатканын билдирген.

Акыркы жумада Бразилияда эпидемиянын көрсөткүчү кескин жогорулап кетти. 6-июлга карата илдетти жуктургандар 1,6 миллионго жетип, 65 миңден ашык бейтап каза болду.

Количество просмотров: 70