Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Чарльз Гарретт кыргыз элин видео кайрылуу аркылуу кыргыз тили майрамы менен Алыкул Осмоновдун ырын айтып куттуктады. Куттуктоосун ал социалдык тармактагы баракчасына жайгаштырган.
«Бул Алыкул Осмоновдун ырын Талас шаарында үйрөндүм. Мааниси абдан жакшы деп ойлойм. Кыргыз тилинин үйрөнөйлүү!», — деп жазган ал.