• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Соңку жаңылыктар: Депутат кыргыз тилин сактоого чакырды. Мамбетов кызматтан кетти

13 Бирдин айы 202014:00 Бишкек Govori.TV
https://www.youtube.com/watch?v=J8tC1aBJk44&feature=youtu.be&fbclid=IwAR3Lia17CQd3DzsOufPgFtK8_yjRCcnGWOnfEcEigiI4uvb8a9B_se0Xovk

МАМБЕТОВ МЕНЕН КОЗУБАЕВ КЫЗМАТТАН КЕТТИ
Алмаз Мамбетов мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси кызматынан бошотулду. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты.
Мамбетов эмне себептен иштен алынганы жана ордуна ким келери жөнүндө азырынча расмий маалымат бериле элек.
Алмаз Мамбетов бул кызматка 2019-жылдын апрелинде дайындалган.
Мындан тышкары бүгун , Алымжан Козубаев «Унаа» мамлекеттик мекемесинин директору кызматынан бошотулду. Буйрукка премьер-министр 13-февралда кол койгон.
Коопсуздук кеңешинин коррупцияга каршы мамлекеттик саясат стратегиясын ишке ашырууну көзөмөлдөө боюнча жумушчу тобунун 30-январдагы жыйынында Козубаевди кызматынан бошотуу маселеси көтөрүлүп, кеңештин катчысы Дамир Сагынбаев өкмөткө сунуш киргизген.
Расмий маалыматтарга ылайык, укук коргоо органдары «Унаа» ишканасынын кызматкерлерине 2018-2019-жылдар аралыгында 100дөй кылмыш иши козголгон.


“ТАЗАЛЫКТЫН” КЫЗМАТКЕРЛЕРИ КАРМАЛДЫ
Бишкек мэриясынын «Тазалык» муниципалдык ишканасынын башкы бухгалтери А.О., операторлор А.М. жана Б.Н. кармалды. Бул тууралуу УКМК маалымдайт.
Алардын билдирүүсүндө, бухгалтер менен операторлор кызмат абалынан пайдаланып, күйүүчү майдын талондорун өз алдынча коротушкан. Ал күйүүчү майды «Тазалык» 84 миллион сомдон ашык суммага майлоочу жана күйүүчү каражаттары талон түрүндө сатылып алган.
УКМК Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси менен иш козголгонун билдирет.
Бухгалтер менен оператор эки айга үй камагына алынды.


ДЕПУТАТ КЫРГЫЗ ТИЛИН САКТООГО ЧАКЫРДЫ
Адабий тилдин ордун мыйзам чегинде бекитүү керек. Бул тууралуу Жогорку Кеңеште депутат Сайдулла Нышанов сунуштады.
Эл өкүлүнүн айтымында, кыргыз тилин сактоо үчүн адабий тилди колдонуу ордун белгилеш керек.
«Кыргыз тилин сактоо үчүн Жогорку Кеңештин трибунасынан баштап, баардыгыбыз бир тилде сүйлөшүбүз керек. Азыр жада калса саламдашканыбыз да ар башка тилде болуп жатат. Радио жана ТВнын алып баруучуларынын тилинен диалект байкалат. Диалект менен үйдө сүйлөсүн. Бул маселени мыйзам чегинде чечиш керек», — деди ал.

Количество просмотров: 166