Бүгүн, 28-мартта Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия Жогорку Кеңештин депутаты Султанбай Айжигитовдун депутаттыкка талапкер катары каттоодон баш тартуу маселесин карады.
Депутаттын талапкерлигин каттоодон баш тартууга УКМКнын тергөөчүсүнүн кайрылуусу негиз болгон. УКМКнын маалыматы боюнча, 2018-жылы Султанбай Айжигитовго карата бейбашчылык боюнча айып тагылып, эч жакка чыкпоо тууралуу тил кат алынган. Кылмыш иши Сокулук райондук сотуна жөнөтүлүп, ал 2020-жылы аны күнөөлүү деп тапкан жана бул өкүм 2021-жылы өзгөргөн эмес. Сот аны күнөөлүү деп тапкан, бирок мөөнөтү өтүп кеткендиктен жазадан бошотулган.
Бүгүнкү жыйында Айжигитовдун каттоосун жокко чыгарып, депутаттык мандатынан ажыратуу чечими кабыл алынды. Мындай чечимди БШКнын 11 мүчөсү колдоп бир мүчөсү каршы болду.
Айжигитов 2021-жылы Жогорку Кеңештин депутаты болуп «Ыйман нуру» партиясынан шайланган.
Үстүбүздөгү жылдын 5-мартында депутат Айжигитов кыргыз-тажик чек арасы боюнча келишимге карата өз пикирин билдирип, бир катар сунуштарды айткан. Бул билдирүүсүнөн кийин ал «Ыйман Нуру» фракциясынан чыгарылган.
Ал эми парламенттин 19-марттагы жыйынында Камчыбек Ташиев Айжигитовго байланыштуу да бардык маалыматтарды факт менен топтогонун айткан. Ал Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер соттуулугу жана кылмыш жоопкерчилигине тартылганы тууралуу БШКга маалымат берүүгө милдеттүү экени мыйзамда жазылганын, бул тууралуу маалыматтар аныкталган чакта депутат мандатынан ажыратыларын кошумчалаган.