Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңеште кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо келишими тууралуу маалымат берди.
Анын алкагында депутат Султанбай Айжигитовдун Баткендеги Достук айылы боюнча билдирүүсүнө жооп кайтарды.
Султанбай Айжигитов парламенттин 5-марттагы жыйынында тажик тараптын Ворухту өз аймагына кошуп алуусу үчүн жол ачылганы турат, деп билдирген.
Камчыбек Ташиев парламенттин 19-марттагы жыйынында Айжигитовго байланыштуу да бардык маалыматтарды факт менен топтогонун айтты. Ал Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер соттуулугу жана кылмыш жоопкерчилигине тартылганы тууралуу БШКга маалымат берүүгө милдеттүү экени мыйзамда жазылганын, бул тууралуу маалыматтар аныкталган чакта депутат мандатынан ажыратыларын кошумчалады.
БШК Айжигитовдун мандаты боюнча маселени буга чейин карамак болгондо Ташиев аны токтотуп калганын, “мындай чечимди коомчулук кыргыз-тажик чек арасы боюнча келишимдин ратификацияланышына байланыштырарын” айтты. Ал демаркациялоо процесси толук аяктаган соң БШКга кайра кайрыларын билдирди.
Айжигитов чек ара маселеси боюнча буга чейин айткан позициясынан кайтпай турганын белгилеп, Ташиевдин ага койгон дооматын толугу менен четке какты.