• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

БШК Бабановдун арызын карайт. Судьяга кылмыш иши козголду. Соңку жаңылыктар 19 01 18

19 Үчтүн айы 2018 13:02 Бишкек Govori.TV

Бишкек.19.01.18.

Бүгүн 19-декабрда Борбордук шайлоо комиссиясы “Республика — Ата-Журт” фракциясынын депутаты Өмүрбек Бабановдон депутаттык мандаттан баш тартуу тууралуу жазган арызын карайт. Бул туурасында БШКнын төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов Govori.TV сайтына билдирди.«“Республика — Ата-Журт” фракциясынан депутаты Өмүрбек Бабановдон депутаттык мандаттын тапшыруу боюнча жазылган арызы кече 18-декабрда келип түшкөн. Бүгүн жумушчу топ жазылган арызды карап жатат. Бабановду мандатынан ажыратуу боюнча чечим жумушчу топтун чечиминен кийин чыгат» дейт Бекматов.Белгилей кетсек, Өмүрбек Бабанов былтыр октябрь айында өлкөдөн чыгып кеткен. Ал Жаңы жылдык майрам алдында билдирүү таратып, депутаттык мандатын өз эрки менен тапшырып, саясаттан кете турганын айткан. Ал партиялык ишмердиктен да кетип жатканын белгилеген болчу.

Башкы прокуратура Нарын шаардык сотунун судьясына кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу башкы көзөмөл органдын маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, 2017-жылдын 14-сентябрында аталган судья адамдар каза болгон жол кырсыгы боюнча соттук ишти караган.Анда кырсыкка күнөөкөр айдоочуну үч жылга эркинен ажыраткан. Ошол эле күнү жабырлануучулардын мыйзамдуу өкүлдөрүнө соттун эскертүүсүнө баш ийген жок жана мамлекеттик айыптоочунун сөзүн бөлдү деген негизде 10 миң сомдон айыппул салган.Прокуратура судьянын дал ушул ишин мыйзам бузуу катары санап, “кызмат абалынан ашыкча пайдалануу” жана “Атайылап сот адилеттигине жатпаган өкүм чыгаруу” беренеси боюнча иш козгоду.Көзөмөл органдын жүйөсүндө, жабырлануучуларга айыппул салуу үчүн тергөөгө иш козгоо зарыл болчу.Учурда судьяга козголгон иш боюнча тергөө башталды.

Сауд Арабиясы быйыл ажыга барууну каалаган кыргызстандыктар үчүн 5400 орун бөлдү. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы кабарлады. Муфтият билдиргендей, ажылыкка барчулар электрондук тизме менен кабыл алынат жана биометрикалык паспорт алгандарга гана Мекеге барууга уруксат берилет. Буга чейин Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы быйылкы ажылык сапарына зыяратчыларды ташуу үчүн 12-февралга чейин виакомпаниялар арасында сынак жарыялаган. Ага Кыргызстанга жана Сауд Арабиясына таандык фирмалар катыша алат. Сынактын жыйынтыгы 13-февралда чыгарылат. Быйылкы зыярат август айына туш келет. Зыяратчылар ажылыкка июль айында жөнөй башташат. Былтыр Кыргызстанга 4760 орун берилген. Ажылык сапардын баасы 2760 доллар болгон.

Количество просмотров: 23