• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

БШК: Бишкектин жана Оштун мэрлери кайрадан «Кыргызтесттен» өтөт

30 Баш оона 2018 16:29 Бишкек Govori.TV

Бишкек.30.08.2018.Govori.TV. 

Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкек жана Ош шаарларын мэрлерин «Кыргызтесттен» өтүүнү сунуштады. Бул тууралуу БШКдан кабарлашты.
Малыматка ылайык, БШК бүгүнкү отурумунда журналист Канышай Мамыркулованын Азиз Суракматовду мамлекеттик тил боюнча сынагынын жыйынтыгын жокко чыгаруу боюнча талабын канааттандырган жок.
Ошондой эле БШК өкмөттүн токтомуна таянып, Бишкектин жана Оштун мэрлерин «Кыргызтест» сынагынан өтүүсүн сунуштады.
Эске салсак, буга чейин журналист Канышай Мамыркулова Бишкек мэри Азиз Суракматовдун тил билүү деңгээлине нааразы болуп БШКга арыз жазган. 27-августта БШК бул арызды карап, добуш берүүнү кийинки жыйынга калтырган эле.

Количество просмотров: 49