• Шаршемби 1 Теке 2026
  • Среда 1 Июль 2026

БШК депутаттарга төш белги ыйгарууда

18 Бештин айы 201816:50 Бишкек Govori.TV

Бишкек.17.12.2018.Govori.TV

Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештин депутаттарына төш белги ыйгарууда. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматта, мекеме тендер жарыялап спектрдик талдоодон өткөн, конкурстук документтердин техникалык талаптарына жооп берген төш белгилерди алып, аймактык шайлоо комиссияларына өткөрүп берди.
Анын ар биринин баасы 74 сомду түзүп, 10 000 даана буюртма кылынган. Жалпы өлкө казынасынан 740 миң сом сарпталды.
Эске сала кетсек, БШК ал төш белгилерди алуу үчүн 2016-жылы 6,3 миллион сомго тендер жарыялаган. Алар ошол жылдын соңунда шайланган жергиликтүү кеңештин депутаттарына тапшырылмак. Бирок ага коомчулук тарабынан нааразычылыктар жаралып, аны менен бирге тендерде эң арзан баа сунуштап утулуп калган компания укук коргоо органдарына арыз менен кайрылып, иш соңуна чыккан эмес. Андан соң 2018-жылдын август айында 3 миллион 800 миң сомго кайрадан тендер жарыяланып, бир төш белгини 74 сомдон жасап берчү ишкана утуп алган.

Булак: Sputnik 

Количество просмотров: 14