Жогорку Кеңештин депутаты Гүлсүнкан Жунушалиеванын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын бүгүнкү жыйынында белгилүү болду.
Анда депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча жеке арызы каралып, комиссия мүчөлөрүнүн чечими менен депутаттык ырастамасы жараксыз деп таанылды.
Белгилей кетсек, Гүлсүнкан Жунушалиева №29 шайлоо округунан шайланып келген.