Бүгүн БШКнын жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Гулшаркан Култаеванын мандатын мөөнөтүнөн мурда токтотуу маселеси каралып колдоо тапты.
Мандатын тапшыруу арызын Гулшаркан Култаева өзү берген.
Ал эми Жогорку Кеңештеги анын бош калган депутаттык мандаты «Ата-Журт Кыргызстан» партиянын тизмесиндеги кийинки талапкер Гүлсүнкан Жунушалиевага берилди.
Жыйында Жунушалиевага депутаттык күбөлүк жана төш белги тапшырылды.