• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

БШК Матраимовдун өкүл баласын партиянын тизмесинен чыгарды

10 Жетинин айы 2021 12:29 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаттыгына «Азаттык» саясий партиясынын талапкери Мунарбек Сайпидинов шайлоого катышуудан баш тартты. Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Сайпидиновдун арызын 9-ноябрда карап, тизмеден чыгаруу тууралуу чечим кабыл алды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Буга Сайпидиновдун өз ыктыяры менен аталган партиянын тизмесинен чыгуу чечими болгон.

Сайпидинов Мунарбек Акимжанович Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Раим Матриамовдун өкүл баласы экени коомчулукка белгилүү.

Количество просмотров: 164