Борбордук шайлоо комиссиясынын ыкчам чара көрүү боюнча координациялык тобу Бишкектеги бир мандаттуу Ленин округундагы кайра шайлоого талапкер болгон Кубанычбек Самаковдун соттуулугу боюнча маалыматтарды иликтеп жатат. Бул тууралуу Боршайкомдун сайтына маалымат жарыяланды.
Анда Фейсбукта Кубанычбек Самаковго кылмыш иши козголгону жана соттуулугу жоюлбаганы тууралуу билдирүүлөр тараганы айтылат. Ушундан улам ыкчам чара көрүү боюнча координациялык топ маалыматты текшерип берүү өтүнүчү менен Ички иштер министрлигине (ИИМ), Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке жана Башкы прокуратурага кайрылган.
Кубанычбек Самаков 2019-жылы Башкы прокуратуранын Мамлекеттик айыптоону колдоо башкармалыгынын мурдагы башчысы Уланбек Чалбаевдин ишине байланыштуу “пара берүү” беренеси менен күнөөлүү деп табылып, мамлекетке 2 млн. сом төлөп берүүгө милдеттендирилген.
Кубанычбек Самаков Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы жана соттулугу жоюлган-жоюлбаганы боюнча комментарий бере элек.