• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

БШК Самаковго мандат тапшырды

25 Аяк оона 2023 10:06 Бишкек Govori.TV

Борбордук шайлоо комиссиясы Ленин округунан шайланган Кубанычбек Самаков мандат тапшырды. Бул тууралуу мекеменин сайтында маалымдалат.

Аталган округда 10-сентябрда кайра шайлоо өткөн. Анда 24 талапкердин ичинен эң көп добушту Самаков алган.

Эске салсак, аталган округдан депутат болгон Жаныбек Абиров мандатын өз ыктыяры менен тапшырган. Ага Бишкек шаарындагы кафелердин биринде мушташка катышканы себеп болгон.

28-майда мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөн. Анда алдыга чыккан Дамира Ниязалиева добуштарды сатып алууга шектелип шайлоо жыйынтыгы жокко чыгарылган.

Количество просмотров: 61