• Жума 10 Бугу 2024
  • Пятница 10 Май 2024

БШКнын координациялык тобу Муртазалиевдин талапкерлигин каттоону жокко чыгаруу сунушун берди

9 Жалган куран 2022 19:45 Бишкек Govori.TV

Бүгүн 9-мартта Борбордук шайлоо комиссиясы талапкер Муртазалиевдин үстүнө келтирилген айыптарды карап жатат.

21-февралда Бишкек милициясы добуш сатып алууга аракет көргөн эки жаран кармалганын, алар Свердлов районунан шайлоого катышып жаткан талапкердин (Мутазалиевдин) үгүтчүлөрү экенин билдирген.

Жыйында укук коргоо органдарынын өкүлүнүн маалыматы угулду. Анда айтылгандай шектүү талапкер же анын штабы менен эч кандай байланышы жок экенин билдирип келген. Бирок, иликтөө учурунда ал талапкердин атасы Шамил Муртазалиев менен бир нече жолу сүйлөшүп, WhatsApp аркылуу талапкердин ишенимдүү адамдары менен да кат алышканы белгилүү болду.

Талапкер Мураталиев өзүнө коюлуп жаткан айыптардын баарын жалган деп эсептейт.

«Бул азыркы жаралган маселе мурунтан бери эле пландалган деп айта алам», — деди ал.

Ал эми Координациялык топтун төрагасы Тынчтык Шайназаров Муртазалиевдин талапкерлигин каттоону жокко чыгаруу сунушун берди.

Эске салсак, Бишкек шаарындагы Свердлов шайлоо округунан депутаттыкка талапкер болгон Шайлообек Атазов алдын-ала жыйынтыктар боюнча аталган округда жеңишке жеткен атаандашы Абдурахманхажи Муртазалиевди добуш сатып алууга айыптаган болчу.

Бишкек шаарынын Биринчи май жана Свердлов округдарында 27-февралдагы кайра шайлоо өтүп, автоматташтырылган эсептөө системасынын жыйынтыгы боюнча Биринчи май округунда Элвира Сурабалдиева, Свердлов шайлоо округунда Абдурахманхажи Муртазалиев алдыга чыккан.

Количество просмотров: 59