• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

БШКнын мүчөсү, юрист Осмоналиев дипломаттык паспорттун чыры боюнча УКМКга чакырылды

27 Аяк оона 2018 12:05 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 27.09.2018. Govori.TV
Бүгүн Тышкы иштер министрлигиндеги дипломатиялык паспорттордун чыры боюнча юрист, Борбордук шайлоо коммисясынын мүчөсү Кайрат Осмоналиев УКМКга чакырылды. Бул тууралуу Govori.TV сайтына Осмоналиев билдирди.
Юрист Кыргызстанда дипломатиялык паспортторду Тышкы иштер министрлиги  Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин уруксаты жок эле  берип жүрүшкөнүн айтты. Негизи мыйзам боюнча УКМКнын уруксааты жок берүү мүмкүн эмес. Бирок, коррупциялык жол менен көптөгөн дипломатиялык паспорттор ТИМдин чечими аркылуу эле берилген. Мындан улам Сеулдагы окуяларга байланышкан ызы-чуулар көп болуп  катталып жатканын ошондой эле ТИМге карата иликтөө иштери башталганын тастыктады.
 “Бул мыйзамды одоно бузуу болуп эсептелет. Мында чоң коррупциялар бар. Муну УКМК дыкаат текшерүүгө алышы зарыл. Менде көптөгөн фактылар бар, бардык документтерди чогултуп, даярдап койгом. Эрең  УКМК мени чакырды,  эми териштирүү иштери башталды”,- дейт юрист.
Количество просмотров: 29