• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

БТА Банк журналист Алкановага кылмыш ишин козгоону талап кылды

8 Бештин айы 2017 21:15 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандык БТА Банк Фергана сайтынын штаттан тышкаркы журналисти Эльнура Алкановага кылмыш ишин козгоону Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү кызматынан талап кылды. Бул тууралуу Эльнура Алканова фэйсбуктагы баракчасына жазып чыкты. Банк журналистке кылмыш кодексинин 190, 193, 194 беренелери боюнча кылмыш ишин козгоону талап кылган. Журналистин айтуусунда банк Алканованы журналистик иликтөө ишинде комерциялык сыр болгон, тактап айтканда “жашыруун сакталган жактарды”, документтерди жарыялап жиберген деп күнөөлөдө.

“Премьер-министр Сапар Исаковдун агасы Капар Исаков банкта кеңешчилик жогорку кызматты аркалайт. Кылмыш ишин козгоону талап кылуу Исаков менен макулдашылган болушу мүмкүн. Бул дегендик, алар коркушуп иликтөөдөгү маалыматтар чындык экенин далилдеп салышты”-деген Алканова

Эске салсак, Эльнура Алканова мурда Максим Бакиевге тийешелүү болуп, 2010-жылы улутташтырылган Бишкектин түштүгүндөгү 12 гектар курулуп бүтө элек шаарчанын сатылуу жагдайын изилдеп, шаарчаны чыныгы сатып алган адам БТА банктын башкы директору болушу мүмкүндүгүн, ал эми премьер-министр Сапар Исаковдун агасы шаарча сатылып жатканда БТА банкка кеңешчи болуп киргенин айтып чыккан.

Кечээ, 7-декабрда премьер-министр Сапар Исаков Алканованын иликтөөсү жалган экенин айтып, прокуратурага текшерип чыгуу үчүн кайрылганын айткан.

https://www.facebook.com/fergananews/videos/1673325282691984/?hc_ref=ARQF15dTwgqJ76NN4Dl0GG4oDzR9nNtzBrcVzr0tj8Jdtwllg1zyhXv_RGjHatO1_xI&fref=nf

Количество просмотров: 8