• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

«Будапешт-Бишкек» аба каттамы качан ачылаары айтылды

2 Тогуздун айы 2020 13:51 Бишкек Govori.TV

«Будапешт-Бишкек» аба каттамы жарым жыл аралыгында ачылышы мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн, 2-октябрдагы маалымат жыйында Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев билдирди.

Анын айтымында, Венгрия тарап 2 өлкө ортосунда аба каттамды ачуу демилгесин колдогон.

«Каттамды ачууга жарым жылга жакын убакыт кетет. Авиакомпанияны белгилеп бериши үчүн алар биздин аэропортту көрүшү керек. Андан соң меморандумга кол коюлгандан кийин каттам ачылат. Биз жумасына 2 жолу каттам жүргүзүлүп турсун деп айтып жатабыз. Бирок башталышында жумасына 1 жолу каттап турса да туура болот», — деди ал.

Буга чейин Кыргызстан менен Венгриянын ортосунда Бишкек — Будапешт маршруту боюнча түз аба каттамын ачуу тууралуу макулдашылганын мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековдун Венгрияга болгон иш сапарында аталган өлкөнүн премьер-министри Виктор Орбан билдирген.

Количество просмотров: 87