• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

Бухарада газ жарылып, сегиз жаштагы бала каза болду

20 Тогуздун айы 20229:17 Бишкек Govori.TV

Өзбекстандын Бухара облусундагы үйлөрдүн биринде газ жарылып, сегиз жаштагы бала каза болду.

Өлкөнүн Башкы прокуратурасы кабарлагандай, жарылуу 16-октябрь күнү эртең менен Коракул районундагы айылдардын биринде жашаган тургундун үйүндө болгон.

Жыйынтыгында 2-класста окуган бала жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Бирок дарыгерлер анын өмүрүн сактап кала алышкан эмес.

Жарылуу фактысы боюнча райондук прокуратура тергөөгө чейинки текшерүү иштерин баштады.

Количество просмотров: 634