• Бейшемби 9 Бугу 2024
  • Четверг 9 Май 2024

Бухарада журналистке кол салуу болду

14 Бирдин айы 2024 15:39 Бишкек Govori.TV

Taftish.uz маалымат агенттигинин Бухарадагы атайын кабарчысына бычак менен кол салуу болду. Өзбекстандын Башкы прокуратурасы кол салган адам кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин кабарлады.

Маалыматка ылайык, окуя 6-февралда Бухара облусунун Шафиркан районундагы кафелердин биринде болгон. Журналист менен анын таанышынын ортосунда чыр чыгып, экинчиси ашкана бычагы менен журналистти ашказан тушка сайган. Жабырлануучу учурда ооруканада дарыланууда.

Бул факты боюнча «Атайылап киши өлтүрүү» жана «Кылмышка даярдануу» беренелери боюнча кылмыш иши козголду.

Тергөө амалдары жүрүп жатат.

Количество просмотров: 68