• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Бухарадагы автобус кырсыгында бир окуучу каза болду

19 Жалган куран 2024 9:02 Бишкек Govori.TV

18-мартта түшкө жакын Өзбекстандын Бухара облусунда окуучулар бараткан автобус менен жүк унаасы сүзүшүп, жыйынтыгында бир бала каза болду. Бул тууралуу өлкөнүн Ички иштер министрлигине караштуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кагылышкандан кийин эки транспорт каражаты тең капталына оодарылып кеткен. Жыйынтыгында 9-класстын окуучусу алган жараатынан улам ооруканада көз жумган. Дагы бири оор жаракаттары менен ооруканага жаткырылса, калган 25 окуучуга алгачкы медициналык жардам көрсөтүлгөн.

Аймактагы №5 мектептин 9-классынын окуучусу Xabar.uz басылмасына билдиргендей, алар Бухара облусундагы музыкалык-драмалык театрга бара жатышкан.

«Балдарды башка автобуска, бизди башка автобуска отургузушкан. Биздин автобус кырсыкка кабылган автобустун артында бараткан», – деди окуучу кыз.

Учурда бул кырсык боюнча тергөөгө чейинки териштирүү иштери жүрүүдө.

Количество просмотров: 91