Социалдык тармактарда Бишкектеги Көк-Жар конушунда жайгашкан №182 бала бакчада балдарга берилген тамак-аштын сүрөттөрү тарады. Анда ата-энелер балдарына берилип жаткан тамакка нааразы болушууда.
«Ата-энелердин кайрылуусуна аталган бала бакчанын жетекчиси кайра коркутуу менен чектелет», — деп жазылат маалыматта.
Аталган бала бакчанын жетекчиси менен байланыша алган жокпуз.