• Жума 17 Теке 2026
  • Пятница 17 Июль 2026

«Бул көйгөй, катастрофа болуп жатат». Депутат жолдогу тыгынды чечүү керектигин айтты

10 Аяк оона 202417:40 Бишкек Govori.TV

Бүгүн ЖК депутаты Исхак Масалиев Бишкек шаарынын көчөлөрүндөгү жол тыгынды азайтуу боюнча конкреттүү сунуш берүүнү өтүндү.

«Мурда 15-20 мүнөттө жете турган жерге азыр машине менен 45-50 мүнөттө жетем. Автобустар убагында жете албайт, троллейбустарды жок кылдыңар. ИИМ Бишкек жана Ош шаарынын жолдорун жеңилдетүү боюнча кандай сунуштарды айтат, балким мыйзам алып келесиңерби. Кантип жеңилдетиш керек. Мурда эртең менен, түштө, кечинде тыгын болсо, азыр бардык убакытта ошондой. Сапаттуу коомдук транспортту көбөйтүш керек. Күч менен эч нерсе кыла албайсыңар, сунуш бергиле. Бул көйгөй, катастрофа болуп жатат. Троллейбусту алгандан абал жеңилдеген жок. Баарыбир ошондой эле, демек бул бирөөнүн кызыкчылыгы болуп жатат», — деди Масалиев.

Количество просмотров: 74