ЖК депутаты Жанар Акаев соңку маалда окуучулардын өз өмүрүнө кол салуулары жана ур-токмоктон да каза болгон учурлардын көп катталып жатканын айтып, өкмөттүн чукул жыйын өтпөй жатканына нааразы болду.
“Бир жумада 5-6 окуучу каза болду. Өкмөт башчы бардык министрликтерди чакырып, чукул жыйын өткөрүшү керек эле, эмне үчүн өткөрбөй жатасыңар?! Ата-эне, мамлекет үчүн баладан кымбат эмне бар?! Өнүккөн өлкөлөрдө бир баланын өлүмү улуттук трагедия, бизде жөн эле статистика катары карап жатасыңар”, — деди депутат.