Ош шаарынын жаңы мэри Жанарбек Акаев мэрлик кызматты президент Садыр Жапаров сунуштаганын айтып, шаардагы маселелерди чечүү тууралуу журналисттердин суроолоруна жооп берди. Ал Ошто жол тыгыны, башаламан курулуштар сыяктуу көйгөйлөр бар экенин айтып, мыйзамсыз делген курулуштарды буздурууда элдин да пикири эске алынарын айтты.