• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Бул жылга «Кумтөр» канча алтын казып алууну пландап жатат?

14 Үчтүн айы 2022 15:24 Бишкек Govori.TV

Кумтөргө сырттан башкаруу кирген учурдан бери кендин ишинде бир катар өзгөрүүлөр болуп, алдыда бир катар долбоорлор пландалган. Бул тууралуу Кумтөрдүн алтын бөлүп алуу фабрикасынын өндүрүү бөлүмүнүн башчысы Григорий Бородей айтып берди.

Анын айтымында, алдыда өндүрүү фабрикасынын автоматташтырылган түзүмүн жаңылоо жана жакшыртуу негизги максат болууда. Жана ошондой эле ал 2021-жылы коюлган пландан ашыра алтын казып алышканын кошумчалады.

«Бул жылы техникалык жактан жакшыртуу ишине көп көңүл бурулмакчы. Себеби, фабрикадагы бир топ тектиктер, жабдыктар эскирип калган. Бул багытта жетекчилик тарабынан бюджет да кабыл алынды. Ал эми өткөн жылга карата биз 468 миң 136 унций (13,271 тонна) алтын бөлүнүп алынган. Муну менен биз пландан ашыра алтын өндүрүп чыктык десек болот. Ал эми бул жылга карата биз 555 миң унций (15,733 тонна) алтын өндүрүүнү пландап жатабыз», — деди ал.

Количество просмотров: 146