• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Бул жылы өлкөгө 14 млрд 300,6 млн сомго дары-дармек жана медициналык буюмдар алынып келген

30 Теке 202017:54 Бишкек Govori.TV

Быйыл 7 айда өлкөгө 14 млрд 300 млн 646,1 миң сомго дары-дармек жана медициналык буюмдар алынып келген. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин Дары-дармек каражаттары жана медициналык буюмдар департаментинен билдиришти.

Анын ичинен коронавирусту дарылоодо колдонулуучу дары-дармек жана медициналык буюмдарды сатып алууга 2 млрд 149 млн 282,5 миң сом сарпталган: дары-дармек үчүн — 1 млрд 450 млн 395,8 миң сом жана медициналык буюмдар үчүн — 698 млн 886,6 миң сом.

Маселен былтыр 7 айда өлкөгө 12 млн 601 миң сомдук дары-дармек ташылып келген.

Количество просмотров: 115